Биздин максатыбыз дүйнөнүн ар бир бурчундагы ар бир адам үчүн дүйнөлүк деңгээлдеги бекер билим берүү.
Бардык жаштагы окуучулар үчүн өз алдынча үйрөнүүгө арналган билим булагы
Хан академиясы окуучулар үчүн, сабакта жана сабактан сырткары өз алдынча көнүгүүлөрдү аткарууга, үйрөтүүчү видеолорду көрүүгө мүмкүнчүлүк берген окуу тактасы болуп эсептелет. Ал өз математика, так илимдер, эсептөө, тарых, искусство тарыхы, экономика жана башка көптөгөн K-14 жана SAT, Praxis, LSAT сыяктуу окуу куралдарын камтыйт. Хан академиясы окуучулардын мыкты билим алышы үчүн ар дайым өнүгүүгө басым жасайт.








Ата-энелер жана мугалимдер үчүн бекер окуу куралы
Биз мугалимдердин, ата-энелердин же окуучулардын абалын жакшыраак түшүнүп, аларга кайсы темада колдоо көрсөтүп, жардам бере алууну камсыздоо үчүн тынымсыз иш алып барабыз. Балаңыздын же окуучуңуздун кыйналып, же болбосо мыкты көрсөткүчтөргө ээ болуп атканын оңой эле түшүнүүгө болот. Ал эми, биздин мугалимдер тактасы жалпы окуучулардын жетишкендиктерин, ошондой эле ар бир окуучунун жеке маалыматын көрсөтөт.










Бул сайт менен ижаңы эле тааныштым. 72 жаштамын. Жарым калган билимимди сиздер менен улантуудамын. Ар бириңиздердин зор эмгегиңиздер үчүн терең ыраазычылык билдирем.
BarbaraМага берген дем күчүңүздөргө ыраазычылык билдирем. Мен Түндүк Англияда башталгыч класстар үчүн сабак берем. Салтка айланып калган билим берүү системасынан чарчаганда, жалгыз Хан академиясы жардамга келет. Хан академиясынын окуу куралдарын көрүп билим берүүнүн келечигине ишеним пайда болот.
KimberlyУрматтуу, Хан Академиясы, сиздердин видеоңуздар баа жеткис! Былтыркы жылы математика сабагынан сынакты мыкты деңгээлде тапшырып гана эмес, математика менин эң сүйүктүү сабагыма айланды. Болуп көрбөгөндөй тажрыйба алдым жана математиканын күнүмдүк жашообузда пайдасы чоң экенин түшүндүм.
Matt
Баштапкы этаптан жогорку даражага чейин
Хан академиясы, бир эле адамдын өзүнүн бир туугандарына сабак берүүсү менен башталып, азыркы учурда 150дөн көп кызматкери бар көрүнүктүү уюмга айланган. Биздин уюм келечекке бийик максаттарды койгон ар кандай адамдардан түзүлгөн. Биздин максатыбыз: дүйнөнүн ар бир бурчундагы билимге умтулган ар бир жаран үчүн дүйнөлүк деңгээлде бекер билим берүү. Биз дүйнө жүзүн билим алууга шыктандыра алаарына ишенген түзүүчүлөр, мугалимдер, дизайнерлер, стратегдер, илимпоздор жана мазмун адистери. Бир аз гана адамдар биригип чоң өзгөрүүлөрдү жасай алабыз.
Ар бир адам бардык нерсени үйрөнө алат. Акысыз
Билим алуу- ар бир жарандын укугу. Хан академиясы коммерциялык эмес уюм болгонунун себеби, биз дүйнөнүн ар бурчунан ар адам дүйнөлүк деңгээлде бекер билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ишенебиз. Хан академиясы жарнама же болбосо катталганыңыз үчүн каражат сурабайт. Бирок, финансы жактан көмөк көрсөтүүнү каалагандар үчүн биздин эшик ачык.